«Кыргызнефтегаз» ААКнун башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов кең казылуучу аймака барып, адырда иштеп жаткан нефтичилер менен жеринде жолукту.

“Майли-Суу IV” атылышындагы кең аймагынын 100-районунун 1038 аталышындагы жаңы газ скважинасы ишке берилди. 1038-скважинасынын кудугунун тереңдги 2034 метрге чейин казылган. Учурда бир күндө 23 миң м³ газ чыгып жатат. Төрага Н. Нишанов газ чыккан аймака барып, жумушчулар менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө 2022-жылга мунай жана газ өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү багытында иш пландары боюнча токтолуп өттү.

Ошондой эле Н. Нишанов 1042-1051 аталышындагы мунай куурун казып жаткан бургулоочулар менен дагы жолугушту. Жумушчулардын сунуштарын угуп, таанышты. Керектүү тетиктерди камсыздоо, жаны техникаларды алуу, айлык маянаны жогорулатуу, жумушчуларга түзүлгөн шарттарды жакшыртуу багытында масселелер биринчи кезекте чечилерин «Кыргызнефтегаз»ААКнын төрага Н. Нишанов айтып өттү.

2022-жылы кыргыз бургулоочулары 38 миң погондук метр чалгындык жана эксплуатациялык бургулоо жумуштарын аткарууну пландашууда. 2022-жылдын алгачкы айындагы көрсөткүчөр өндүрүштүк план ашыгы менен аткарылып жатканы белгиленүүдө.