•  КРнын кубогу үчүн беттеш биринчи жолу Баткен шаарынын борбордук стадионунда өттү. «Нефтчи» футболдук клубу менен «Алга» камандасы күч сынашты. Стадионго келген спорт күйөрмандары кызуу колдоп турушту. Финалдык беттешүүдө «Нефтчи»  командасы женишке жетип, Кыргызстан кубогуна  экинчи ирээт «Нефтчи» командасы ээ болууда.

  • «Кыргызнефтегаз» компаниясынын алдынада түзүлгөн «Нефтчи» футболдук клубуна, аталган компания каржылап, ар тараптан колдоого  алып келет.  «Кыргызнефтегаз» компаниясынын башкармалыгынын жетекчилери, эмгек жамааты, футболчуларды татыктуу тосуп алды. Төрага Мелис Тургунбаев оюнчуларды  куттуктап, акчалай белектерди тапшырып, мындан ары дагы колдоого алаарын айтып өттү.

  • «Нефтчи» курамасы азия кубогу үчүн беттештерди өткөрүүгө, эл аралык жогорку оюңдарга катышууга мүнкүнчүлүк жаралып олтурат.  «Нефтчи» футболдук  клубунун Президенди  Иззат Айтназаровдун айтымында,  жаш футболчуларды тарбиялоодо футболдук академия ачуу пландалып жатканын билдирди.

  • Эске салсак, «Нефтчи» футболдук клубу 2010-жылы өлкө чемпиону, 2011-жылы супер кубок ээси, 2019-жылы КРнын кубогуна ээ болгон. Быйыл кайрадан Кыргызстан кубогун экинчи ирээт женип алды.  Мындай ийгиликтер «Кыргызнефтегаз» башкармалыгынын колдоосунун натыйжасында жетишүүдө.