Нефтичилердин кесиптик майрамын утурлай, «Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыктарында чакан жыйындар уюштурулду.
Башкармалыктын төрагасы Нургазы Нишанов баштаган жетекчилер, эмгек жамаат катышкан жыйналышта, куттуктоо сөздөр айтылып, мекеменин жетишкендиктери тууралуу сөз жүрдү. Аны менен катар жумушунда ийгилик жараткан, кесипкөй мунайчыларга бир катар жогорку мамлекеттик сыйлыктар жана мекеменин «Эмгек синирген нефтичи», «Мыкты нефтичи» аталышындагы төш белгилер ыйгарылды. Андан сырткары көп жылдардан бери ак эмгеги менен ийгилик жараткан кызматкерлерге ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Өз кезегинде ийгиликтердин жаралышына ынтымак жана биримдиктин ролу чоң экенин белгилеген Н. Нишанов мекеменин кызматкерлерин кесиптик майрамы менен кызуу куттуктап өттү.