Саламатсыздарбы Урматтуу акционерлер, коноктор жана ушул жыйындын катышуучулары!

Башкармалыктын төрагасы катары өткөн 2021-жылы «Кыргызнефтегаз» Ачык Акционердик Коомунун аткарган жумуштары жөнүндө маалымат берип кетейин.

2021-жылы «Кыргызнефтегаз» Ачык Акционердик Коому алдыга койгон баардык пландарын толугу менен аткарып, бүгүнкү жыйында, алдынарда жүзүбүз жарык келип отчет берип жатабыз.

Алгач силердин көңүлүнөрдү техникалык-экономикалык көрсөткүчтөргө бургум келет, тактап айтканда нефтини өндүрүүнүн көлөмүнө. Былтыркы жылы пландан 30 мин 279 тонна нефти көп өндүрдүк. Жылдын жыйынтыгы менен бул көрсөткүч 173 мин 579 тоннаны түздү. Алдыга коюлган план 121%га аткарылып, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 118 пайызды түздү. Бул ийгиликке жетүүдө ар бир кызматкердин эмгеги зор экенин айткым келет. Анткени бул көрсөткүчкё бургулоо иштерин туура уюштуруу, жаъы скважиналарды ишке киргизүү, ГРП жасоо жана чет элдик инвесторлор менен тыгыз иш алып баруунун натыйжасында жетише алдык.

План боюнча бургулоо иштери жылына 38440 пог.метр каралса, аны да толугу менен аткардык.

2021-жылы нефти өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү максатында 14 нефти скважинасында гидравликалык (ГРП) басым менен пласты жаруу ыкмасын колдонулуп, кошумча 3800 тоннадан ашык нефти өндүрүүгөжетиштик.

Ал эми газ өндүрүүдө план 88,7 пайызга гана аткарылган. Тактап айтканда 2021-жылы 22,2 млн.м3 табигый газ өндүрүлгөн. Анын негизги себептеринин бири, газ колдонуучулардын жай мезгилинде аз пайдаланганы жана  скважиналарда жаратылыш газынын  табигый өндүрүүтүк басымы төмөндөгөнү.

Былтыркы жылы алдыга коюлган тапшырмалардын натыйжалуу аткарылышына техникалык жабдууларды, атайын авто ууналарды, керектөө тетиктерди тендер аркылуу өз убагында сатып алууда чоъ жардамын берди.

Жумуш ыргагыгын кёпчүлүгү техникага байланыштуу болгондуктан, 2021-жылы 25 жаъы заманбап атайын техникаларды сатып алууга жетиштик.

Ал эми капиталдык салымдарга жалпысынан эски жылда 957 милион сом жумшалган. Бул каражаттар эксплуатациялык жана  чалгындоочу бургулоого, жабдууларды сатып алууга, капиталдык курулуштарга, проектик-изилдөө жумуштарына, имараттарды жана курулуштарды капиталдык ремонттон өткөрүүгө сарпталган.

 Урматуу жыйындын катышуучулары,

2021-жылда «Кыргызнефтегаз» ААКму 4 миллиард 900 миллион сомдук өнөр жай продукциясын чыгарып, белгилеген план 144 пайызга аткарылды. Ал эми өндүрүлгөн продукцияны сатууда 138%га ашыгы менен аткарылды. Башкача айтканда былтыркы жылы 4 млрд 769 млн сомдук продукция сатылган.

Кыргызстанда  нефти өндүргөн жалгыз ата мекендик өнөр жай ишканасы өз жумушчуларына болгон көъүл бурууну жылдан жылга жакшыртып келе жатат. Жумушчулардын өз жумушуна болгон кызыгуусун арттыруу, эмгектеринин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында 2021-жылдын 1-апрелинен тартып ишкананын жалпы жумушчуларынын айлык акысын жогорулаттык. Мунун натыйжасында ар бир жумушчуга болгон орточо эмгек акы салыктарды эске алганда 32026 сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 2540 сомго жогорулады.

«Кыргызнефтегаз» ААКму жалпысынан мамлекттик бюджетке бир жыл ичинде 1 миллиард 642 миллион сомдук төлөмдөрдү төккөн. Анын 1 миллиард 149 млн. сому салыкка, 279 млн. сому социалдык фондго чегерилген. Ал эми мамлекеттик үлүшкө болгон дивиденттер 214 миллион сомду түздү. Бүгүнкү күндө акционердик коомдун мамлекетке, анын катарында салык кызматына эч кандай карызы жок.

Ишкана 2021-жылды жакшы киреше менен жыйынтыктады,     2 милиард 339 милион сом консолидацияланган баланстык киреше тапканга жетишсек, консолидацияланган таза киреше 2 милиард 91 милион сомду тщздщ. Ошентип бул багытта да план эки эсеге ашыгы менен аткарылды.

өзүъөргө белгилүү болгондой, «Кыргызнефтегаз» ААКму, жумушчулардын жана Кочокор-Ата шаарынын социалдык маселелерин чечщщнщ өз каражатынын эсебинен аткарып келет. Мисалы, былтыркы жылы жалпысынан социалдык объектерге 53,1 млн.сом каражат жумшалган. Анын ичинде бала бакчаларга 35,1 млн.сом, профилакторийге 5,6 млн.сом, нефтянник маданият щйщ жана спорткомплексине 10,3 млн.сом, башкакалган объектилерге 2,1 млн.сом сарпталды.

Мындан сырткары, 2021-жылы шаарды суу менен камсыздоого коротулган чыгым 42 млн.сом болду. Бул сумманын бир бөлүгү Кочокор-Ата шаарынын жашоочулары, бир бөлүгүн ишкана өз капчыгынан камсыздаган.

Урматтуу Акционерлер жана коноктор!

Бүгүнкү күндө ишканада бардык көрсөткүчтөр боюнча оң тенденция байкалып, казып алуу, өндүрүү, кайра иштетүү багыттарында жакшы натыйжалар байкалууда. Ошондой эле экономикалык көрсөткүчтөр да жаман эмес. Кайсыл жерде ынтымак болсо, ошол жерде өсүү болот дегендей, эмгек жамаатыбыздын ынтымагы ишкананын өсүүсүнүн башкы фактору болуп эсептелет.

Мен ойлойм, бул көрсөткүчкө жетишүүдө ишканабыздын ар бир жумушчусунун, директорлор кеъешинин, акционерлердин жана ошол акционерлердин катарында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун кошкон салымы эбегейсиз зор. Бул үчүн баарыңыздарга терен ыраазычылыгымды билдирем.

Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!