Ардактуу биздин мунай жана газ өндүрүүчүлөр, ардагерлер!
Сиздердин бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын!
Мунай өндүрүү бул зор милдет, чон жоопберчилик. Калкыбызга ак нийет кызмат кылуу менен өлкөбүздүн жаркын келечегине салым кошуу. Бизге жүктөлгөн милдеттер жогорку кесипкөйлүктү, тазалыкты, темирдей тартипти бекем сактоону талап кылат. Алдыбызга койгон жаны максаттарга жетүү үчүн ар бир мунайчы жан дили менен иштеши керек экенин түшүнөбүз.
Урматтуу кесиптештер жана майрамдык салтанаттын катышуучулары. Баарыңыздарга үй-бөлөлүк тынчтык, бакубат жашоо, ынтымак жана ишиңиздерге ийгилик каалайм.