Мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен улам Сузак районунун аймагына сел түшкөн.
Каптаган селдин кесепетинен улам жарантардын жашаган турак-жайларын суу каптаган.
Табият кырсыктарын жоюу максатында «Кыргызнефтегаз» ААКнун атайын техникалары жана жумушчулары Сузак районунун сел жүргөн аймактарында тазалоо иштерине жардамдашууда. Компаниядан 50 кызматкер тартылган. Ошондой эле сууга толгон үйлөрдүн суусун сордуруп тазалоого атайын техникалар иштөөдө. Жалпысынан 8 техника жардамга барган.
Учурда Барпы жана Атабеков айыл өкмөтүнүн аймагында иштөөдө.
«Кыргызнефтегаз» ААКсы тарабынан Барпы айыл өкмөтүнө 5 тонна жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 5 тонна дизель күйүүчү майы берилди.
Жерибизде тынчтык, элибизде амандык болсун!