2022-жылдын биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы менен 1 млрд. 891 млн. сом таза киреше тапканга жетишилди. Мындай жогорку көрсөткүч ишкананын тарыхында биринчи ирет катталды.
Былтыр биринчи жарым жылдыкта 786 млн. сом гана болгон. Мурунку жылга салыштырмалуу быйыл 1 млрд. 100 млн. сомго ашыкча киреше табылды.
Чийки мунай өндүрүү планы 6 айга 74 826 тонна каралса, ал эми иш жүзүндө 84 948 тоннага аткарылды. Бул дегени 6 айлык план 113% аткарылганынан кабар берет.
Табигый газ өндүрүү планы жарым жылдыкта 12 665 м³ белгиленген. Иш жүзүндө 14 036 м³ өңдүрүлдү.