Россиянын “Автократ” ишканасы «Барс-140» аталышындагы жүк көтөрүмдүүлүгү 140 тоннага барабар болгон мунай скважиналарын бургулоочу агрегатын жасаган болчу. Бүгүнкү күндө аталган техниканын тетиктерин орнотуу, кураштыруу жумуштары аяктап, ишке киргизилди.
Бүгүн, аталган техниканын ачылуу аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргызнефтегаз ААКнун башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов жана директорлор кеңешинин мүчөлөрү ошондой эле ишкананын кызматкерлери катышты. Адистердин айтымында, «Барс-140» маркасындагы техника нефти өндүрүүнүн көлөмүн дагы көбөйтүүгө өбөлгө түзүлөрүн билдиришти.
Жумуш ыргагынын көпчүлүгү техникага байланыштуу болгондуктан, «Кыргызнефтегаз» өткөн жылы 53 даана жаңы атайын техникаларды сатып алууга жетишкен. Ошондой эле бүгүнкү иш-чара «Кыргызнефтегаз» тарыхында маанилүү окуялардын бири болуп саналаары айтылды.
“Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун ардегерлери болсо акыркы учурларда техникалар жаңыланып жатканын айтып кубанышат. Анткени бул көрүнүш кызматкерлерге ыңгайлуу шарт түзүлүп, ошол эле учурда нефтини көп өндүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт деп эсептешет.
Акыркы жылдары кирешеси рекорддук чекке жеткен “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому ишкананы ар тараптуу алдыга жылдыруу аракетин улантып келет. Алсак, учурда кубатуу бургулоочу жаңы техниканы ишке киргизүүгө жетишти. Андан сырткары мунайды кайра иштеткен заводду модернизациялоого даярдыктар көрүлүүдө. Мындай аракеттер мунайды көп өндүрүүгө жана заман талабына шайкеш келген күйүүчү майларды чыгарууга өбөлгө түзөт.