“Кыргызнефтегаз” ААКнын кызматкерлерине өлкөдө интернет алдамчылык фактылары көбөйүп жаткандыгы тууралуу маалыматтар берилип, кибер алдамчылардан сак болуу эскертилди. Мекеменин алдындагы  бөлүмдөрдүн кызматкерлерине ватсап, фейсбук, инстаграм жана телеграм сыяктуу социалдык тармактардан келген белгисиз шилтемелерге баш бакпоо. Ошондой эле, банктын карталарындагы персоналдык маалыматтарын эч кимге айтпоо тууралуу кеңири түшүнүктөр берилди. Жыйындын жүрүшүндө интернет булактарында “Кыргызнефтегаз” ААКнун атын жамынган белгисиз тараптар фейк аккаунттар менен жалган маалыматтарды таратып, инвестиция салуу боюнча тарап жаткан маалыматтарга ишенбөөгө, так маалыматтар мекеменин расмий сайты же баракчаларына жарыяланаары маалымдалды.