А.Жумагулов шаарда жүрүп жаткан курулуштар менен таанышты. Ошондой эле өзү иштеп кеткен “Кыргызнефтегаз” ААКнун мекемесине барды.

Алгач Кочкор-Ата шаарынын борбордук эс алуу багындагы курулуштар менен таанышты. Аталган эс алуу багына А. Жумагуловдун ысымы ыйгарылганын шаар мэри билдирди.

Ошондой эле “Нефтчи” стадионундагы курулуштарды көрүп, андагы түзүлүп жаткан заманбап шарттарды Н. Нишанов айтып өттү.

Жумагулов 14 жыл өзү иштеп кеткен ишканага барып, геологиялык жумуштар менен таанышып, тажрыйбасы менен бөлүшүп, адистер менен баарлашты.