♦ Сентябрь айынын биринчи жекшембиси нефтичилердин кесиптик майрамы катары белгиленип келет.
«Кыргызнефатегаз» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов баардык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, жумуштарына ийгилик каалап өттү. Нефтичилердин каарман эмгеги өлкөнүн казынасын толтуруп, мамлекеттин өнүгүүсүн шарттайт деп белгиледи. Нефтичилердин ак эмгеги татыктуу бааланууга тийиш экенен айтып өттү.
Мунайчылардын шаары аталган Кочкор-Ата шаарынын тургундары мурунку жылдары аталган майрамды жогорку денгээлде өткөрүп келген.
Быйыл дагы мега жылдыздардын коштоосунда концерттик программа өткөрүлөт. Ошондой эле майрамга карата спорттук иш чаралар өткөрүлөт.
Салтанат 11-сентябрь күнү «Нефтчи» стадиондо белгиленет.