Нооруз майрамына карата «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомуна караштуу мекеме ишканалар арасында  футбол, волейбол, стол тенниси жана шахмат боюнча спорттук мелдештер өткөрүлүүдө.

«Кыргызнефтегаз» ААКнун профсоюз комитети спорт иштерин өркүндөтүүгө олуттуу көнүл буруу менен нефтчилердин бош убактысын маданий тейлөө жана ден-соолукту чындоо максатында бир топ иштерди жүргүзүп келүүдө.