Ассаламу алайкум, урматтуу мусулман бир туугандар!
Сиздерди жан дүйнөнү аруулаган, кечиримдүүлүктү жана мээримдүүлүктү тартуулаган Орозо Айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Берекелүү Орозо Айт – дүйнө мусулмандарынын ыйык деп эсептеген эки майрамынын бири. Ушул күндү бардык мусулмандар жогорку майрамдык маанай менен тосуп алышат. Айттын алдындагы Алла Таала ыроологон улуу орозо тилибизди, дилибизди, жүрөгүбүздү, жан дүйнөбүздү ыйман нуру менен нурдантты, ибадат менен аруулады.Орозо бизди чыдамкайлыкка, сабырдуулукка, нээматтын баркын билүүгө үйрөттү.
Рамазан тартуулаган касиет бизди мыкты момун, татыктуу атуул кылып тарбияласын. Алла Таала жергебизге тынчтык, элибизге ынтымак, динибизге риваж, Мекенибизге береке, мамлекетибизге өнүгүү берсин.
Орозо Айтыңыздар маарек болсун!
Сиздерди терең урматтоо менен
НУРГАЗЫ НИШАНОВ “Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыгынын төрагасы