“Кымбаттуу мекендештерим!
Сиздерди Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктайм!
Бул майрам эрдиктин, каармандыктын жана чыныгы мекенчилдиктин символу.
Бүгүн өз өлкөсүнө чексиз берилгендердин, Куралдуу Күчтөрдүн жоокерлеринин катарында, укук коргоо системасында жана улуттук коопсуздук органдарында кызмат кылып, мамлекетибиздин, коомубуздун жана Кыргызстандын ар бир жаранынын коопсуздугунун сакчылыгында тургандардын сыймыктуу майрамы.
23-февраль –өз Мекенин, өз үйүн, өз ишин жана өз жакындарын, өзүнүн келечегин коргоого даяр эр жүрөк жана руху күчтүү жарандарыбыздын майрамы.
Сиздерди Мекенди коргоочулар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк зор бакыт, тынчтык жана ынтымак каалайм.
Сиздерди терен урматтоо менен, НУРГАЗ НИШАНОВ “Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыгынын төрагасы.