«Улуу Ата Мекендик согуштун урматтуу ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери!
Бул Улуу Жеңишке Сиздер эрдик, каармандык, биримдик жана талыкпас эмгек менен жеттиңиздер!
«Бул ыйык күндө биз келечек муундун бейпил жашоосу үчүн согуш талааларында жана тылда жан аябай салгылашып отуруп фашизмди жеңген ата-бабаларыбыздын теңдешсиз эрдигин өзгөчө сыймыктануу, ыраазычылык сезимдер менен белгилейбиз.
Ушул салтанаттуу күнү биз аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын эрдигин сыймыктануу менен эстейбиз, оорук эмгекчилерине сый көрсөтүп, ардагерлердин астында башыбызды ийип таазим этебиз»
Жылдан жылга бизге тынчтык жана бакубат жашоо алып келген ардагер-баатырлардын саны кыскарып жатат. Сиздерге кааларым бекем ден-соолук жана узун өмүр.
Улуу Жеңиш майрамы кут болсун!
Сиздерди терен урматтоо менен: НУРГАЗЫ НИШАНОВ «Кыргызнефтегаз» ААКнун башкармалыгынын төрагасы.