Алгач «Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов сөз сүйлөп, мунайгаз тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап өттү. Нургазы Нишанов салтанаттуу иш-чараны ачык деп жарыялап, КРнын президенти Садыр Жапаровго сөз кезегин узатты.
Салтанаттуу иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Мамлекет башчысы Кыргызстандын мунайгаз тармагынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы жана өлкөнүн мунай табуу тарыхынын 90 жылдыгы менен куттуктады.
»Кыргызнефтегаз» ишканасынын экономикалык жана өндүрүштүк көрсөткүчтөрү жогорулап, мекеменин кирешеси соңку мезгилде бир нече эсеге көбөйгөндүгү буга мисал.
Кесипкөй мунайчылардын жана газчылардын күч-аракети менен өлкөбүздүн экономикалык жана энергетикалык базасы чыңдалып жатканына белгилеген Мамлекет башчысы эмгекчил мунайчылар ички рынокту мүмкүн болушунча күйүүчү, майлоочу заттар менен камсыздоого, жаңы кендерди изилдеп, өндүрүштү өнүктүрүүгө аракет кылып жатышканын кошумчалады.
«Сиздердин алдыңыздарга коюлган милдеттерди мындан ары да ак ниеттүүлүк менен аткарып, мамлекетибиздин ички рыногун камсыз кылып, өндүрүштүн туруктуу иштөөсү үчүн талыкпай эмгектене берериңиздерге бекем ишенем! Мунайзат өндүрүүнүн көлөмү артып, мамлекетибиздин экономикасы жогорулай берсин!», — деген Президент бардыгына бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, аманчылык каалады.
Салтанаттуу иш-чара ата мекендик жана чет элдик эстрада жылдыздарынын концерттик программасы менен уланды.
Президент Садыр Жапаров «Кыргызнефтегаз» ишканасынын өзү сатып алган жаңы техникалары менен да таанышты.