Бүгүн «Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгында чакан иш-чара өттү.
«Кыргызнефтегаз» ААКнын курулуш-монтаждоо участкасынын башчысы болуп эмгектенип келген Умарали Анарбаевди салтанатуу түрдө ардактуу эс алууга узатуу иш-чарасы болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарага «Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын төрагысы, «КНГ»нын директорлор кеңешинин төрагасы, мекеме жетекчилери жана чогу иштешкен кесиптештери, борбордук аппараттын кызматкерлер катышты.
«Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов сөз сүйлөп, Анарбаевге бекем дең-соолук каалап, компаниянын өнүгүшүнө кошкон салымы зор болгонун белгилеп өттү. Анарбаев 27 жыл «Кыргызнефтегаз» башкармалыгында түрдүү тармактарда иштеп келген.
Борбордук аппарат кызматкерлери жана келген кесиптештери У. Анарбаевге куттуктоо сөздөрүн сүйлүшүп, белектерин тапшырышты.
Анын эмгек чыйырына саресеп сала турган болсок, 1996 жылга чейин Шамалды-Сайда , «Кыргызсельхозтехника» да Башкы инженер жана директордун орун басары катары эмгектенген. Ал эми «Кыргызнефтегаз»да 27 жыл иштеген. 1996-жылдан технологиялык-транспорт башкармалыгында өндүрүштүк-техникалык бөлүмдүн башчысы, 1998-жылдан №2-авто-колоннанын башчысы, 2008-жылдан аталган башкармалыктын өндүрүштүк-техникалык
бөлүмдүн башчысы, 2010-жылдан “Кыргызнефтегаз” ААКнын чарба департаментинин директору, 2011-жылдын 1-июнунан сырткы башкаруучунун жалпы маселелер боюнча орунбасары, 2013-жылдын 21-январынан башкы директордун транспорт жана жалпы маселелер
боюнча орун басары — “Кыргызнефтегаз” ААКнын башкармасынын төрагасынын орун басары болуп иштеди. Ал эми 2017-жылдын 1-июлунан тартып, транспорт жана жалпы маселелер боюнча департаменттин директору, ошол эле жылдын 27-июлунан “Кыргызнефтегаз” ААКнын башкармасынын төрагасынын кеңешчиси, 25-декабрдан Кыргыз бургулоо иштер башкармасынын бургулоо боюнча инженери, 2018-жылдын 21-сентябрынан башкармалыктын төрагасынын кеңешчиси кызматын аркалап келди. 2018-жылдын ноябрь айынан баштап, 2020-жылга чейин «Кыргызнефтегаз» ААКнын аппарат башчысы. Ал эми акыркы жылдары «Кыргызнефтегаз» ААКнын курулуш-монтаждоо участкасынын башчысы болуп эмгектенди.