Урматтуу кыргызстандыктар!
Өлкө башчысынын, белгилүү адамдардын, Кыргызнефтегаздын жетекчисинин эски видеолорун бурмалап, сөздөрүн дал келтирип монтаж кылып социалдык тармактар аркылуу жайылтууда.
Анда төмөнкүдөй жеңил акча табуу чакырыктары камтылган.
“Кыргызнефтегаз” микро-инвестициялардан акча табуу мүмкүнчүлүгүн ачты.
15 000 сомго акция сатып алып, 40 000 сомдон дивиденд ал.
Орточо киреше 62 000 сом жана ар дайым көбөйүп туруу.
Салган инвестицияңа жараша ай сайын акча төлөө.
БУЛАРДЫН БААРЫ ЖАЛГАН.
“Кыргызнефтегаз” ААК жарандарды инвестиция салууга чакырбайт. Расмий маалыматтар kng.kg сайтына гана чыгарылат.
Шылуундардын торуна түшүп, аларга акча каражаттарын салбаңыздар. Оңой акча табуу азгырыгына алданбай, өз каражатыңызга сак болуңуз.