♦ Сентябрь айынын биринчи жекшембиси нефтичилердин майрамы катары белгиленип келет. Мунайчылардын шаары аталган Кочкор-Ата эли, мурунку жылдары аталган майрамды  жогорку денгээлде өткөрүп келген. Быйыл пандемияга байланышту майрамды концерттик шоу программалары жок чакан белгилөөнү көздөшкөн. Бүгүн кырдаалга байланышту «Кыргызнефтегаз» компаниясынын башкармалыктарда чакан жыйындар болуп, куттуктоо сөздөр айтылып, жыл ичинде ак эмгеги, өрнөктүү жумушу, кесипкөйлүгү менен айырмаланган нефтичилерге «Эмгек синирген» аталышындагы медаль тапшырылды. Ошондой эле «Мыкты нефтичи» аталышындагы төш белги ыйгарылды.
Майрамды утурлай Жогорку кеңештин, Кыргыз өкмөтүнүн, мүлк фондусунун, облустук жана райондук бийликтин, жана башка тараптардан келген ардак граматалар көп жылдардан бери иштеген кесипкөй адистерге тапшырылды. Ошондой эле акчалай сыйлыктар менен дагы сыйланышты.

♦ «Кыргызнефатегаз» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Мелис Тургунбаев баардык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, жумуштарына ийгилик каалап өттү. Нефтичилердин каарман эмгеги өлкөнүн казынасын толтуруп, мамлекеттин өнүгүүсүн шарттайт деп белгиледи. Нефтичилердин ак эмгеги татыктуу бааланууга тийиш экенен айтып өттү.

♦ Эске салсак «Кыргызнефтегаз» компаниясы ушул жылдын 7 айынын жыйынтыгы менен 98 миң чийки мунай өндүрдү. Былтыркы жылга салыштырмалуу 6 миң тоннага көп өндүрүшкөн. Ал эми белгиленген план боюнча 21 миң тоннага көп аткарылды. Башкача айтканда 7 айдын жыйынтыгы менен нефти өндүрүү 127% аткарылган. Ошондой эле компаниянын кирешеси 7 ай ичинде 1 млрд 254 млн сом табууга тежишкен. Мындай жогорку көрсөткүчтөр «Кыргызнефтегаз» мекесенинин тарыхында биринчи иреет катталып жатат.
Мунун артында кесипкөй кызматкерлердин жана башкармалыктын уюштуруучулук эмгеги турары талашсыз. Мекемеге жаңыдан дайындалган жаш жетекчи Мелис Турганбаевдин орноткон тартиби жана талабы иштин жогорку деңгээлде аткарылуусуна шарт түзгөн.