Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомуна келди.
«Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын төрагысы Нургазы Нишанов ишканада аткарылып жаткан жумуштар боюнча тааныштырды.
2022-жылдын 4 ай аралыгында «Кыргызнефтегаз» ААКсы 57, 4 миң тонна чийки мунай өңдүрдү. Ал эми төрт айда таза кирешеси 1 млрд 273 млн. сомду түздү.
«Кыргызнефтегаз» ААКсы өзүнүн тапкан каражатынын эсебинин Жалал-Абаддагы нефтини кайра иштетүүчү заводду жанылоо жумуштарын аткарууну көздөп жатканын ишкана жетекчиси Н. Нишанов билдирди. Ошондой эле нефти жана газ өндүрүү көлөмдөрүн көбөйтүү пландары боюнча токтолуп өттү.
«Кыргызнефтегаз» ААКнын жумуштары менен жакындан таанышып чыгып, Бакыт Төрөбаев ата мекендик өнөр жай ишканаларына колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн айтып өттү. Ошондой эле нефтичилер менен баарлашып, жакынкы жылдар аралыгында өлкөдө аткарылуучу жумуштарга токтолуп өттү.