Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана «Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын кызматкерлери Өчпөс отко гүл коюшуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскеришти.
Ошондой эле «Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгы тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштагы кан майданда ажалга тике карап салгылашкан жана оорукта “бардыгы фронт үчүн!” деген ураан астында тыным албай эмгектенген аталарыбыздын, апаларыбыздын эстен кеткис эрдиги менен каармандыгын эскерип, аларга акчалай көмөк көрсөтүштү.
Эскерүү аземинде «Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын башкы инженери Заирбек Ажикулов сөз сүйлөп, согуш ардагерлеринин эрдигин белгилеп, Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктап өттү.