Бүгүн «Кыргызнефтегаз» ААКнын директорлор кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө «Кыргызнефтегаз»ААКнын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаевдин өз каалоосу менен жазылган арызын карашты. Кызматтан кетүү нийетин билдирген М.Тургунбаевдин арызы кабыл алынып, ээлеген кызматынан бошотулду. М. Тургунбаев башка жумушка бараткандыгына байланыштуу өз каалоосу менен арыз жазганын билдирди.

Ал эми директорлор кеңешинин чечими менен «Кыргызнефтегаз» ААКнын төрагалык кызматына жаныдан Нургазы Нишанов дайындалды. Директорлор кенеши жана Мамлекеттик мүлк фондунун өкүлдөрүнүн катышуусунда эмгек жамаатка тааныштырылды.

Коллектив менен жолугушууда М. Тургунбаев сөз сүйлөп, аткарылган ийгиликтүү жумуштарга токтолуп, бирге иштеген баардык кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирди.
Ошондой эле жаны жетекчи Нургазы Нишановду коллектив жылуу тосуп алышты. Жаны башдаган жумуштарына ийгилик каалап өтүштү. Н. Нишанов эмгек жамаат менен ынтымактуу иш алып барып, компаниянын өнүгүүсү үчүн кызмат кылаарын айтып өттү.