“Кыргызнефтегаз” акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нышанов:

“Жумушчулардын айлык акысы 20%га көтөрүлдү

“Кыргызнефтегаз” акционердик коому акыркы жылдарда мунай өндүрүүнүн көлөмүн арттырып, белгиленген пландарды ашыгы менен аткарууга жетишип  келе жатат. Ошондой эле ишкананын эмгек жамааты биринчи кварталды ийгиликтүү аяктап, быйылкы жылга коюлган ири максаттардын өтөсүнөн чыгууга болгон аракетин жумшап келишүүдө. Компаниянын башчысы Нургазы Нышанов менен болгон маегибизге назар салыңыздар.

— Өткөн жылы жалпы жонунан  173 миң тонна мунай өндүрдүк. Көп жылдан бери мындай көрсөткүч болгон эмес. – деп сөзүн баштады Нургазы Нурланович. — Быйылкы жылга жылына 200 миң тоннадан ашык мунай өндүрүү планын койгонбуз. 2021-жылдын 1-кварталында 330 млн. сом таза киреше тапкан болсок, быйылкы жылдын ушул мезгилинде 860 млн. сом киреше менен чыктык. Башкача айтканда,  530 млн. сом көп каражат таптык.

1-кварталдын жыйынтыгын жакшы көрсөткүчтөр менен аяктасак жумушчулардын  айлык-маяналарды 15%га көтөрөлү деп убада бергенбиз. Жакында Жогорку Кеңешке, Министрлер кабинетине, Мамлекеттик мүлк фондуна отчет берип келдим. Биздин жетишкендиктерибизди уккандан кийин, айлык акыны 20%га көтөрүүгө уруксат беришти. Бирок, бул дагы чек эмес. Буйруса жылдын аягына чейин жок дегенде айлык  акыны дагы 20%га чейин көтөрүүгө аракет кылабыз.

— Акыркы жылдарда санкциялардын кесепетинен дүйнөдөº финансылык кризис күч алды.  Бул көрүнүш өндүрүшкө терс таасирин тийгизбейби?

— Өзүңүз туура баамдагандай, дүйнөдө экономикалык кризис болуп жатат. Пандемиялык кырдаал өзубүзгө-өзүбүз кам көрүүгө чоң сабак болду. Чек араларыбыз жабылып, оор абалга туш келген күндөрдү башыбыздан өткөрдүк. Мына ушундай чакырыктарга даяр туруп, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга кам көрүшүбүз керек.  Мамлекеттин мунайды жылдык керектөсү 1 млн. 300 миң тонна. Ушул көрсөткүчтүн 40%ын ºөндүрүп бере турган болсок, мамлекетибизге чоң жардам берген болобуз.  Жакынкы 3-4 жылдын аралыгында мунай ºөндүрүүнү жылына 500 миң тоннага жеткиришибиз керек.

— Компания дивиденд төлөйбү?..

— Буга чейин Мамлекеттик мүлк фондуна 213 млн. сом дивиденд төлөп берген экенбиз. Мыйзам боюнча таза кирешенин 25% кем эмес бөлүгү дивиденд катары мамлекеттик бюджетке төлөнүп берилиши керек. Быйылкы жылы тапкан кирешебиздин көпчүлүк бөлүгүн дивиденд катары алуунун үстүндө иштеп жатышкан экен, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, таза кирешебиздин 30%на макулдашып, мамлекеттин бюджетине 650 млн. сом дивиденд катары төлөп беребиз. Калган 1,5 млрд. сомду өзүбүздүн ºөңдүрүш тармагыбызды модернизациялоого жумшайлы деп чечтик. Жылдын аягына чейин дагы амбициялуу пландарыбыз бар. Буйруса, төрт млрд. сом таза киреше табуунун үстүндө иштеп жатабыз.

— “Кыргызнефтегаз” ишканасы “Газпром” компаниясына кошулат экен” деген сөздөр жүрүп келди эле…

— Ишкананын биригүү маселеси күн тартибинен алынды. Президентибиз Садыр Жапаров биздин компанияны эч кимге бербей иштетүү боюнча ºөзүнүн так позициясын билдирди. Азыркы күндүº он бир эле лицензиябыз бар. Буйруса “Кыргызнефтегаз” акционердик коомун акырындык менен монополист компанияга айландыралы деген максатта иштеп жатабыз. Геология жана жер казынасын пайдалануу жаңы мыйзамына ылайык, 100% мамлекеттик үлүшкө ээ болгон компаниялар эч кандай конкурс, аукциону жок эле кең байлыктарды иштете алышат. Биздин ишканабыз ушул мыйзамга кирбей калганбыз.  Себеби дегенде, биздин компаниянын 85% үлүшүн мамлекет ээлик кылат. Ошол мыйзамга ºөзгөртүү киргизүү боюнча сунушубузду бердик. Сунушубузду Жогорку Кеңештин отун энергетика комитети, Министрлер кабинети колдоп жатат. Эгерде мыйзамда каралган шарттар боюнча иштөөгө мүмкүнчүлүк ала турган болсок,  анда мунай өндүрүшүн көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзүлөт.