«Кыргызнефтегаз» ААКнын жана жеке өзүмдүн атымдан бардык балдарды бүгүнкү 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Баладан артык бакыт жоктугун баарыбыз билебиз. Өмүрдө ар бир адам балалуу болуп, аларды татыктуу тарбиялап, эрезеге жеткирсем деген изги тилек менен жашайт. Бала үйдөгү шаң, кубаныч, жашоонун мааниси. Ал эми аларга таалим-тарбия берүү, билимдүү адам кылып чоңойтуу чоң жоопкерчилик.
«Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому да балдардын кызыкчылыгын коргоо, алардын татыктуу билим алуусуна шарт түзүү багытында иш алып барып келебиз.
«Кыргызнефтегаз» ААКнын карамагындагы 3 бала бакчада 653 бала тарбия алат. Бакчадагы ар бир балага майрамды утурлай 350 сомдон каралып, жалпысынан 228 миң сомго майрамдык белектер тапшырылды. Ошондой эле Кочкор-Ата шаарында жайгашкан мамлекеттик жана жеке бала бакчаларга 15 миң сомдон тапшырылды.
Бүгүнкү майрамыңар кут болсун! Силерге бекем ден соолук, узун өмүр каалайм! Келечегиңер кең болсун!