https://www.youtube.com/watch?v=9zSIGBv3osU
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун иши менен таанышты.
«Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов ишкананын алдынкы 5 жыл аралыгында аткарылуучу инвестициялык долбоору боюнча маалымат берди.
Долбоордун алкагында 5 жыл ичинде жылына 40 скважинадан 200 жаны эксплуатациялык скважинаны бургулоо пландалып жатканын айтып берди.
Ошондой эле Н. Нишанов «Кыргыз Петролеум Компани» мунайды кайра иштетүүчү заводду модернизациялоо багытында аткарылып жаткан жумуштар боюнча токтолуп өттү.
https://www.youtube.com/watch?v=9zSIGBv3osU