«Кыргызнефтегаз» ААКсы салык түрүндөгү төлөмдөрдү өз учурунда аткарып, Салык кызматы менен тыгыз иш жүргүзүп келет.  2021-жылы өлкө казынасын толтурууда компания зор салым кошкон. «Кыргызнефтегаз» ААКсы өткөн жылы жалпы жонунан 1 млрд 106,9 млн сом салык төлөмдөрун аткарган.  Жогорудагы сумманын ичинен Ноокен районуна 956,2 млн сом салык төлөнгөн.  Ноокен районунун 66% бюджетин «Кыргызнефтегаз» компаниясынын аткарган төлөмдөрүнун натыйжасында толукталат. Ноокен районун өнүгүүсүнө «Кыргызнефтегаз» ААКнын салымы жогору.

Мындан улам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын медалы  менен «Кыргызнефтегаз» ААКнын каржы директору Бурканбек Темирбаев сыйланды. Сыйлыкты Ноокен районунун салык кызматынын башчысы Касым Дыйканбаев тапшырды.