Спортун кичи футбол, волейбол, стол тенниси, шахмат, түрлөрү боюнча «Кыргызнефтегаз» ААКсына караштуу мекеме ишканалар ортосунда мелдештер өткөрүлдү.
Ошондой эле спортун эркин күрөш түрү боюнча эл аралык денгээлде мелдештер уюштурулду. Өзбекстандан жана Кыргызстандын 7 облусунан келген балбандар күч сынашты.
Уюштурулган мелдештер сонуна чыгып, жеңүүчүлөргө медаль жана ардак грамоталар, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Сыйлыктарды тапшыруу аземине «Кыргызнефтегаз» ААКнын төрагасы Нургазы Нишанов жана Кочкор-Ата шаарынын мэри Алтынбек Жумаев катышты.