Өндүрүш

Кыргызстанда мунай жана газ өндүрүшүнүн башаты тээ 1950-жылдардан башталыптыр 1952-жылы «Майлуу Суу IV”, “Избаскент”, Чыгыш Избаскент” мунай кендери ачылгандан кийин “Кыргызнефтегаз” ишканасынын негизделип, бүгүнкү күндө аталган компания өлкөбүздө мунай жана жаратылыш газына чалгындоо иштерин жүргүзүү, мунайды кайра иштетүү жана аларды сатуу боюнча бүтүндөй бир толук өндүрүштүк циклди өзүнө камтып, өнүгүүнү жаңы доорун башына кечирип жатат.   Кыргызстандагы жападан жалгыз эң ири ишкана болуп эсептелген “Кыргызнефтегаз” акционердик коомунун бакшармалыгыны төрагасы Нургазы Нышанов менен болгон маегибизде өткөн жылдарда жасалган ийгиликтер жана келечек пландары тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.

Киреше үч эсеге өстү

— 2021-жыл “Кыргызнефтегаз” акционердик коому үчүн ийгиликтүү жыл болду. Жылдын башында коюлган пландар ашыгы менен аткарылып, техникалык, экономикалык көрсөткүчтөр мурунку жылдарга салыштырмалуу бир кыйла жогорулады. Ишкана жылдын жыйынтыгы боюнча 173 578 тонна мунай өндүрүп, алган милдеттенмени 121,1%га аткарып, чийки мунай планга карата 30 278 тоннага көп алынды. Өткөн жылга салыштырмалуу 26 896 тоннага ашыкча мунай өндүрүлдү.

2021-жылдын жыйынтыгы менен “Кыргызнефтегаз” ишканасы 2 млрд. 157 млн. сом баланстык киреше табууга жетишти. Башкача айтканда, киреше үч эсеге өстү. Мындай көрсөткүч ишкананын тарыхында биринчи ирет болуп жатат. Андан башка чыгымдарды оптимизациялоо, коррупциялык элементтерди жоюуга каршы күрөшүү  ишкананын кирешесине оң таасирин тийгизгенин баса белгилегим келет. Маселен, 2020-жылы баланстык киреше 546 млн. сом болсо, 2021-жылы 2 млрд. 157 млн. сомду түздү. Ошондой эле ишкана 2021-жылдын жыйынтыгында салык боюнча бюджетке 1 млрд. сомдон ашык төлөмдөрдү чегерип берди. Бул багытта план 116%га аткарылды. Анан дагы компания бюджетке 214 млн. сом дивиденд төлөдү.

“Кыргызнефтегаз” ишканасы Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Кочкор-Ата шаарын жана Ноокен районунун айрым айыл аймактарын “көгүлтүр от” менен үзгүлтүксүз камсыз кылып келет. Өткөн жылы ишкана шаарда жалпы жонунан 291 абонент газ түтүгүнө кошулду.

Газ менен туруктуу камсыз кылууга жетишебиз

-“Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун балансында 11 мунай жана жаратылыш газ кендери бар. Учурда компаниянын карамагында 605 скважина иштеп жатат. Мунун ичинен 24 скважина орнотулуп  2021-жылы жаны ишке берилген. Ошондой эле скважиналарды оңдоо, мунай өндүрүүнү идентификациялоо ыкмаларын колдонуу менен, “Майлуу Суу IV” аталышындагы кен аймагынын 1038-жаңы скважинасы ишке берилди. Учурда бир күндө 23 000 м³ газ чыгып жатат. Газдын чыкканына бир жума болду. Жалпы жонунан компаниянын 12 газ скважинасы бар. Бүгүнкү күндө жаңы газ скважинасын ишке киргизүү менен алдыбызга койгон планыбызды 115%га аткардык. Буйруса, 2022-жылдын күз-кыш айларында элибизди туруктуу газ менен камсыз кылууга жетишебиз деген ишенимде турабыз.

Ошондой эле ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча максаттуу иштер жүрүп жатат. Автопаркты жаңылоо улантылууда. Экономикалык көрсөткүчтөр жогору болгондуктан, өткөн жылга жалпы 40 даана атайын техника сатып алуу каралып, учурда 30 техника сатып алынган. 2022-жылы 40 техниканы жана башка тетиктерди сатып алуу үчүн бюджеттен атайын акча каражаты каралды. Буйруса, техникаларды өз убагында сатып алууга мүмкүнчүлүгүбүз жетиштүү.

200 миң тоннанын тегерегинде мунай өндүрүүнү болжолдонууда

-Жакында акционердик коомдун жылдык иш-планын бекитип алдык. 2022-жылга койгон планыбыз боюнча 200 миң тоннанын тегерегинде мунай өндүрүүнү болжолдоп жатабыз. Кирешебизди 3,5 млрд сомго жеткирүүгө болгон аракетибизди жумшайбыз. Азыркы күндө ишибиз өз графигинде жүрүп жатат.

Андан башка  “Чыгыш Шамалды”, “Түндүк Избаскент” жана “Алаш” кендерин иштетүүгө лицензия алынды. Ошондой эле “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасын модернизациялоо пландалууда. “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомуна караштуу мунайды кайра иштетүүчү бул ишкана 2020-жылды 47 млн. сом чыгаша менен жыйынтыктаган. 2021-жылы 200 млн. сомдун тегерегинде киреше табууга жетишти.

 

Ишканада АИ-80 маркасындагы бензин, дизель жана мазут чыгарылат. “Кыргызнефтегаз” ишканасы тарабынан өндүрүлгөн чийки зат ушул ишканага жөнөтүлүп, кайра иштетилип чыгат. Өндүрүлгөн бензин менен дизелди Кыргызстандын ички базарында сатышат. Анткени, нефтепродуктыларын башка өлкөлөргө экспорттоого Министрлер кабинети тарабынан убактылуу чектөө коюлган. Ал эми өлкөдө мазутка болгон керектөөчүлөр аз болгондуктан, аталган продукцияны экспортко чыгарууга мыйзам жол берет.

Заводубузду реконструкциялоого техникалык-экономикалык негиздемелери даярдалып жатат. Ишкананы заманбап жабдуулар менен камсыз кыла турган болсок. Биринчиден, биздин өндүргөн продукцияларыбыз сапаты жогорулайт, экинчиден, бензин менен дизелди өндүрүүнүн көлөмү өсөт. Заводубуз эски технологиялар менен иштегендиктен, кайра иштетиле турган нефтепродукциянын дээрлик 55%ы мазут болуп калууда. Евразиялык экономикалык биримдиктин талаптарына ылайык,  Министрлер кабинети тарабынан 2025-жылга чейин бензиндин Евро-5  маркасына өтүү милдеттендирилген. Биздин башкы максатыбыз — сапаттуу продукция өндүрүү. Азыр ошонун үстүндө иштеп жатабыз.

Жумушчуларга шарт түзүү —  башкы маселе

—   Башкармалыктын эң башкы милдеттеринин бири жумушчуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп эсептелет. Жакында эде жумушчулар менен жолугушуп, 2022-жылга карата газды өндүрүүнүн көлүмүн көбөйтүү боюнча иш-пландары менен кеңири тааныштырып, өндүрүштү керектүү техникалар менен камсыздоо, жаңы тетиктерди алуу, айлык-маяналарды жогорулатуу, жумушчуларга түзүлгөн шарттарды жакшыртуу багытындагы маселелер биринчи кезекте чечилерин айтып бердим. Ошондой эле жумушчуларды шарт түзүү менен бирге иштин өндүрүмдүүлүгүн арттырууга талап күчтүү болорун билдирдим.

Эгерде биринчи кварталга белгиленген көрсөткүчтөрүбүздүн өтөсүнөн чыксак, жумушчулардын айлык-маянасын 15%га көтөрүү каралууда.

Ошондой эле профсоюздук уюму тарабынан эмгек жамаатынын ден соолугун чыңдоо, аларды эс алдыруу максатында, өлкөбүздөгү бир топ курорт-санаторийлер менен келишим түзүлүп, кам көрүлүп турат. Учурда 3 бала бакча иштеп жатат.

Андан башка “Кыргызнефтегаз” акционердик коомдун  Кочкор-Ата шаарындагы социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө  каржылык жактан колдоодо негизги күч экенин айта кетейин. Биздин компания шаардын калкын таза суу, газ менен камсыздайт. Ошондой эле негизги көчөлөрдү, скверлер менен парктарды, маданий жана башка коомдук объектилердин абалын көзөмөлдөп, жаңылап жакшыртып турат. Шаардыктар үчүн ыңгайлуу жашоого, эс алууга, спорт менен машыгууга шарт түзүп келет.

Бүгүнкү күндө пандемиялык кырдаалга байланыштуу дүйнөдө финансылык кыйынычылыктар жаралууда. Ошондой болсо да биздин ишканабыз Президентибиз, Министрлер кабинети койгон тапшырмаларды өз убагында аткарууга болгон мүмкүнчүлүгүбүздү пайдалана бермекчибиз.

Албетте, жумушчулардын талыкпаган эмгеги, жетекчиликтин ишти туура уюштуруусунун натыйжасында жогорудагы ийгиликтер жаралууда.