Кадырлуу, калайык-журт!
Урматтуу, Ата-Мекенди коргоочулар!
«Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди Ата-Мекенди коргоочулардын күнү менен чын дилимден куттуктайм.
Бул майрам — жоокерлердин бардык муундарынын ажырагыс байланышын жана аскер салттарын уланткан нагыз элдик майрам.
Мекенди коргоо – ар бир жарандын ыйык милдети. Бул майрам патриоттуулук сезимди ойготуучу чоң күчкө ээ. Бул күнү кылымдар бою мамлекетти сактоо үчүн кычыраган кышта, кайнаган ысыкта, күн-түн, ачка-ток дебей, күжүрмөн нөөмөттө туруп, ак кызмат кылган бардык муундагы жоокерлердин эмгеги – эрдиги даңкталат. Улуу муундун, ардагерлердин бүгүнкү келечектеги бейпил жашообузга кошкон салымы баа жеткис.
Баарыңыздарга бекем ден соолук, жаркын маанай каалаймын. Элибизде ынтымак, мамлекетибизде тынчтык болсун.
Сиздерди терең урматтоо менен:
Нургазы Нишанов
«Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын төрагасы.