Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ырыс айыл өкмөтүнүн Жашасын айылынын аймагындагы «Междуреченский» атылышындагы кен аянтында 2022-жылы жүргүзүлгөн сейсмикалык изилдөөнүн негизинде тереңдиги 3000 метр болгон бир скважинаны бургулоо сунушталды.
«Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов аталган аймака барды. Нишанов бургулоо жумуштарын баштоо үчүн зарыл жумуштарды аткарууга тийиштүү адистерге жеринде тапшырмаларды берди.
Аталган кен аймагынын бургулап казылуучу чекити аныкталып, казык кагуу менен тийиштүү белгилер орнотулду. Ошондой эле электр энергиясын тартуу жана атайын оор техникалар жүрүүчү жолдорду ачуу багытында жумуштар жүргүзүлүп баштайт.