Сиздерди  Эларалык 8-Март майрамыңыздар менен чын дилибизден куттуктайбыз! Ар бириңиздердин үйүңүздөрдө мээрим жана тынчтык болсун. Жаркыраган жаз менен бирге келген шаңдуу майрамда  ажарыңыздардан күлкү жана кубаныч жанып турсун.

Сиздер тартуулаган жылуулук, мээрим, жароокерлик жана сүйүү ар дайым мырзаларды эрдикке шыктандырып келген. Сиздердин тилек ар качан тынчтык, бейпилдик жана бакубат жашоо болгон үчүн дүйнө сиздердин алаканыңыздарда, ал эми бейиш сиздердин таманыңыздарда. Сиздердин назик колдон бешик термелип, дүйнө бөксөрбөй турган үчүн адамзат жашоосу уланууда. Сиздердин ууз сүтүңүздөр адамзат азыгы! Сиздердин ак сүтүңүздөр менен бирге ар бирибиздин каныбызга эне тил, асыл ойлор сиңет. Сиздердин мээримиңиздер менен адам баласы адам жашоосун улайт.

Баарыңыздарга энелик бакыт, сүйүү, тынчтык каалайбыз. Очогуңуздар өчпөсүн! Жер үстүндө тынчтык болуп, сиздердин көз жаш кубанычтан гана жерге тамсын!