Сиздерди Улуу Ата Мекендик согуштун аяктагандыгынын 77 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!
Быйыл Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы белгиленип жатат. Биринчи кезекте жыл өткөн сайын арабызда азайып бараткан согуш ардагерлерин, ошондой эле оорукта эмгектенүү менен Улуу Жеңишке чоң салым кошушкан аталарыбызды, апаларыбызды бул чыныгы күжүрмөндүктүн, баатырдыктын символуна айланган, эстен кеткис майрамы менен куттуктайбыз. Сиздердин эрдигиңиздер, жаркын келечек үчүн өмүрүңүздөрдү тобокелчиликке салган кайратыңыздар мекенибизди басып кирген баскынчыларды сестентип, Улуу Жеңишти камсыздады.
Тынчтыктын баасын ардагерлер жон териси менен сезди. Ардактуу биздин ардагерлерибиз, Сиздердин муун — жеңүүчүлөрдүн жана жаратмандардын мууну деп айта алабыз. Бул эрдиктин, кайраттуулуктун жана каармандыктын бийик үлгүсү.
Ардагерлерибизге улуу эрдиги жана кайратман эмгеги үчүн терең ыраазычылык билдирем! Сыймыгыбыз болуп, узак жашаңыздар!
Терең урматтоо менен: Нургазы Нишанов «Кыргызнефтегаз» ААКнын төрагасы