Эгемендүүлүктүн 30 жылдык тарыхында, «Кыргызнефтегаз» ААКнын өндүрүштүк жана каржылык көрсөткүчтөрү биринчи жарым жылдыкта рекордтук чекке жетти.
Ушул жылдын биринчи жарым жылдын жыйынтыгы менен 949 миллион 500 миң сом баланстык киреше тапканга жетишилди. “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коом болуп түзүлгөндөн бери баланстык киреше 949 миллион 500 миң сомго чыккан эмес. Бул көрсөткүч ишкананын тарыхында биринчи ирет катталды.
Былтыр биринчи жарым жылдыкта 361,5 млн. сом гана болгон. Мурунку жылга салыштырмалуу быйыл 588 млн. сомго ашыкча киреше табылды, пландын аткарылышынын пайыздык көрсөткүчү 263го жетти.