2021-жылы чыгарылган (Toyota Corolla) үлгүсүндө жаңы авто унаалар алынды. Бул авто унаалар эми «Кыргызнефтегаз» жумушчулары  үчүн кызмат кылат. Жаңы авто унаалар газ ошондой эле бензин күйүүчү майы менен жүрө алат.

2021-жылгы «Кыргызнефтегаз» башкармалыгына 27 жаңы авто унаа алуу пландалган. Алгачкы унаалар алынууда. Өндүрүштөгү жумуштун илгерилөөсүнө жана пландарды аткарууда жаны техникалардын орду чон. Ошондуктан жумушчуларга баардык ынгайлуу шарттарды түзүп берүүнү «Кыргызнефтегаз» башкармалыгынын жетекчиси Мелис Тургунбаев белигилеп өттү.

Мелис Тургунбаев  жаны авто унааалардын ачкычтарын айдоочуларга тапшырды. Жаны авто унаалардын келиши өз кезегенде жумушчуларга стимул берип, ишке болгон кызыгуусу артары бышык. Эки жаны авто унаа «Кыргызнефтегаз» ААКнун аппарат башкармалыгына тапшырылды. Алдынкы күндөрү мекеменин баардык бөлүмдөрүнө дагы кызматтык авто унаа алынаары күтүлүүдө.