«Кыргызнефтегаз» Ачык Акционердик Коому жашоочуларды ичүүчү таза суу менен камсыздайт.

«Кыргызнефтегаз» Ачык Акционердик Коому  Кочкор-Ата шаарын, Момбеков айыл өкмөтүн, Рахманжан жана Сакалды айыл өкмөтөрүнүн «Кыргызнефтегаз» ААК аркылуу суу түтүкчөлөрү өткөн  айылдарын таза суу менен камсыздап келет.

Суу түтүктөрү эскергендиктен ар кандай авариялык учурлар катталып турат.  «Кыргызнефтегаз» ААКнын суу менен камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери өз учурунда ремонттоо жумуштарын алып барышат.

 

Кочкор-Ата шаарында деӊиз денгээлинен 551 метр бийиктикте жайгашкан  суу кампаларына, үч баскычта 6 мин метр аралыкта жайгашкан Бөбүй айылынан ичүүчү таза сууну атайын суу насостору аркылуу алып келинет. Бул жумуштарды аткаруу үчүн электр энергиясы өтө көп сарпталгандыгына байланыштуу суунун баасы кымбаттайт.

Жылына «Кыргызнефтегаз» ААК аркылуу 1 564 800 м³ таза суу өндүрүлөт, таза сууга 35 895 245 сом акча каражаты жумшалат.

Бул суммадан 9 680 284 сом «Кыргызнефтегаз» ААК өндүрүш үчүн пайдаланган суунун төлөмү.

Ал эми абоненттер менен шаардын коммерциялык мекемелердин сууга болгон төлөмү 10 568 161 сом төлөсө калган жалпы суммадан 15 646 800  сомун «Кыргызнефтегаз» ААК өз эсебинен көмөк кылып келүүдө

104-райондун аймагында 4 суу скважина долбоорун тузуу, бургулоо иштерине жумшалуучу чыгымдардын ар кандай кыйынчылыктарга карабай каржылоо маселелерин чечип жогоруда аталган айыл шаарларды күнү-түнү үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу максаттары бар.

«Кыргызнефтегаз» ААКнун өнүгүп өскөнү Кочкор-Ата шаарынын өсүүсүн шарттайт. Анкени шаар тургундарына ичүүчү таза сууну жашоочуларга жеткируу «Кыргызнефтегаздын» жоопкерчилигинде. Ошондой эле арзан газ менен камсыздап келет. Жалал-Абад облусунун бюджетин толтуруудагы негизги ишкана болуп эсептелет. Кочкор-Ата шаарында 4 бала бакчаны Кыргызнефтегаз каржылап иштетип келет. Мында нефтичилердин балдары женилдетилген баада  тарбия алат.  Жай мезгилинде нефтичилердин уй-бүлөсүнө жана балдарына лагерде эс алдуруу уюштурулган. Башкача айтканда Кыргызнефтегаз ар бир жумушчунун үй-бүлөөсүнө чейин кам көргөнү байкалып турат.

 

 

 

Подробнее