20-апрель күнү саат 16:30да «Нефтчи» стадионунда футболдук беттеш болуп өттү. Кочкор-Атанын «Нефтчи» командасы менен Оштун «Алай» командасы бет келди. Оюндун жүрүшүндө кызуу көрөш жүрдү. Биринчи бөлүктө эсеп сандары 1:1 тен чыгуу менен аяктады. Экинчи бөлүктө «Нефтчи» футболчулары көбүрөөк чабуулдарды уюштуруп, атандаштарынын чамасын кетиришти. Бирок ийгилик «Алай» футболчуларына жылмайып, 2:3 эсебинде «Алай» командасы  женишке жетишти.

«Нефтчи» командасы өз үйүндө Бишкектин «Дордой» командасын кабыл атат. Беттеш 23- апрель саат 16:30 өтөөрү күтүлүүдө.