Акционерлердин жалпы жыйынына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан ошондой эле  жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Алгач Нургазы Нишанов  сөз сүйлөп, 2021-жылда аткарылган жумуштарга токтолду.

Акционерлердин жалпы жыйынында 18 масселе каралды. Башкармалыктык финансылык жана чарбалык  отчету жана таза кирешени бөлүштүрүү,  2022-жылга бюджетти бекитүү жана башка бир катар масселелер каралды.  Учурда  “Кыргызнефтегаз” Өлкөдөгү эң көп киреше тапкан, өлкө бюджетине чоң суммадагы салым кошкон ишканалардын алдыңкы сабына чыкты.

«Кыргызнефтегаз» ААКму, жумушчулардын жана Кочокор-Ата шаарынын социалдык маселелерин чечүүнү өз каражатынын эсебинен аткарып келет. Былтыркы жылы жалпысынан социалдык объектерге 53,1 млн.сом каражат жумшалган. Мындан сырткары, 2021-жылы шаарды суу менен камсыздоого коротулган чыгым 42 млн.сом болду. Бул сумманын бир бөлүгүн Кочокор-Ата шаарынын жашоочулары, бир бөлүгүн ишкана өз капчыгынан камсыздаган.

«Кыргызнефтегаз» ААКнын 2021-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен 330 млн. сомдон ашык таза киреше тапкан болсо, 2022-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен алдын ала эсептөөлөр боюнча 860 млн. сом таза киреше табууда.  Бул көрсөткүч былтыркы жылдын 1-кварталына салыштырмалуу 530 млн.сомго көп. Ошондой эле двидентке чекерүүлөрдүн суммасы өсүүдө.

«Кыргызнефтегаз» ААКнын кирешеси көбөйгөндүгү жана  азыктүүлүк  баалары кескин жогорулап кеткендигине байланыштуу жумушчулардын эмгек акысы көтөрүлүүдө. Апрель айынан тартып кызматкерлер 20%га жогорулатылган маянаны алып башташат. Жогорудагы жасалган ийгиликтүү жумуштар 100 күндө аткарылгын иштер. Эгерде ушул ыргакта жумушту улантса, алдыда ишкана таза кирешесин жогорулатып,өз күчү менен КПК нефтини кайра иштетүүчү заводду модернизациялоо пландалууда.