Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, ооруктун каармандары!

Сиздерди Улуу Ата Мекендик согуштун аяктагандыгынын 77 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!
Быйыл Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы белгиленип жатат. Биринчи кезекте жыл өткөн сайын арабызда азайып бараткан согуш ардагерлерин, ошондой эле оорукта эмгектенүү менен Улуу Жеңишке чоң салым кошушкан аталарыбызды, апаларыбызды бул чыныгы күжүрмөндүктүн, баатырдыктын символуна айланган, эстен кеткис майрамы менен куттуктайбыз. Сиздердин эрдигиңиздер, жаркын келечек үчүн өмүрүңүздөрдү тобокелчиликке салган кайратыңыздар мекенибизди басып кирген баскынчыларды сестентип, Улуу Жеңишти камсыздады.
Тынчтыктын баасын ардагерлер жон териси менен сезди. Ардактуу биздин ардагерлерибиз, Сиздердин муун — жеңүүчүлөрдүн жана жаратмандардын мууну деп айта алабыз. Бул эрдиктин, кайраттуулуктун жана каармандыктын бийик үлгүсү.
Ардагерлерибизге улуу эрдиги жана кайратман эмгеги үчүн терең ыраазычылык билдирем! Сыймыгыбыз болуп, узак жашаңыздар!
Терең урматтоо менен: Нургазы Нишанов «Кыргызнефтегаз» ААКнын төрагасы
Подробнее

Кочкор-Ата шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквием өткөрүлдү.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана «Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын кызматкерлери Өчпөс отко гүл коюшуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскеришти.
Ошондой эле «Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгы тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштагы кан майданда ажалга тике карап салгылашкан жана оорукта “бардыгы фронт үчүн!” деген ураан астында тыным албай эмгектенген аталарыбыздын, апаларыбыздын эстен кеткис эрдиги менен каармандыгын эскерип, аларга акчалай көмөк көрсөтүштү.
Эскерүү аземинде «Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын башкы инженери Заирбек Ажикулов сөз сүйлөп, согуш ардагерлеринин эрдигин белгилеп, Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктап өттү.
Подробнее