«Кыргызгызнефтегаз» ААКна карашту Арстанбаптагы «Зорька» лагеринде жаңы коттедж курулууда.  Аталган башкармалыктын төрагасы Нургазы Нишанов курулуш иштеринен кабар алды. Ошондой эле коттедж курулуусуна капсула салынды.

Быйылкы жылга заманбап 10 катеж куруу каралган. 2023-жылга курулуш иштери аяктап, колдонууга берүү пландалууда.

«Зорька» лагери 1964 -жылы түптөлгөн. Ошол мезгилде курулган коттедждин эскилиги жетип, жаңылоо муктаждыгы бар. «Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгы келерки жылы дагы жаны коттедждерди куруу иштери уланаарын белгилешти.