“Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов акционердик коомдун карамагында турган баардык мекемелердеги эмгек жамааттары менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Н. Нишанов 2023-жылдын I-кварталынын өндүрүштүк- экономикалык көрсөткүчтөргө токтолуп өттү.
Жаратылыш газын өңдүрүүдө компания 1-кварталда 9 млн 634 миң м3 өндүргөн. Бул багытта пландын аткарылышы 142,7%ды түзүүдө.
2023-жылдын 1-кварталында таза киреше 549,2 млн сом пландалса, үч айлыктын жыйынтыгында 855,2 млн сом таза киреше табууда. Белгиленген план 155,7% аткарылды.
Н.Нишанов жумушчуларга жакшы шарттарды түзүп берүү максатында алдыда чоң жумуштар аткарылып жатканын айтып өттү. «Зорька» лагеринде жаны катедждер курулуп бүттү. Ошондой эле жумушчуларды эс алдыруу үчүн Ыссык-Көл аймагынан пансионат сатып алуу жумуштары жүрүп жатканын белгилеп өттү.
Н. Нишанов жыйындын жүрүшүндө жумушчулардын суроолоруна жооп берип, тийиштүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди.