Бүгүн, 8-март–Аялдардын эл аралык күнүн утурлай майрамдык салтанат өттү.
Саамалыкка «Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгында иштеген айымдар катышты.
Ошондой эле «Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов катышып, айымдардын эл аралык майрамы менен куттуктады.
Кыргыз элинде байыртан эненин орду өзгөчө бааланып келген. Ал ыйык салт биздин коомдо дайыма аздектелип сакталат. Аялдар – жашообуздун ыйык коломтосу. Коомубуздун ынтымагына жана биримдигине кошкон салымыңыздар баа жеткис экенин Нургазы Нишанов белгилеп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө айымдарга даярдалган майрамдык белектер тапшырылды.