«Кыргызнефтегаз» ААКнын мекемелеринде улустун улуу күнүнө карата майрамдык чакан иш-чаралар өттү.
Нооруз майрамына карата «Кыргызнефтегаз» ААКнын баардык мекемелеринде майрамдын эн белгисине айланган сүмөлөк кайнатылды. Иш-чарага «Кыргызнефтегаз» ААКнын жетекчилери жана эмгек жамааты катышты. Ошондой эле мунай жана жаратылыш газын өндүрүү көлөмүн көбөйтүү багытында максаттар айтылды.