2023-жылдын 100 күн аралыгында аткарылган жумуштар!

“Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов акционердик коомдун карамагында турган баардык мекемелердеги эмгек жамааттары менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Н. Нишанов 2023-жылдын I-кварталынын өндүрүштүк- экономикалык көрсөткүчтөргө токтолуп өттү.
«Кыргызнефтегаз» ишканасы 2023-жылдын 1-кварталында 39 708 тонна мунай өндүрүү пландалса, а бирок иш жүзүндө 43 943 тоннага аткарылды. Башкача айтканда планга салыштырмалуу 4 235 тонна көп өндүрүлүп, биринчи үч айлыкта чийки мунайды өндүрүү 110,7% аткарылды.
Жаратылыш газын өңдүрүүдө компания 1-кварталда 9 млн 634 миң м3 өндүргөн. Бул багытта пландын аткарылышы 142,7%ды түзүүдө.
2023-жылдын 1-кварталында таза киреше 549,2 млн сом пландалса, үч айлыктын жыйынтыгында 855,2 млн сом таза киреше табууда. Белгиленген план 155,7% аткарылды.
Н.Нишанов жумушчуларга жакшы шарттарды түзүп берүү максатында алдыда чоң жумуштар аткарылып жатканын айтып өттү. «Зорька» лагеринде жаны катедждер курулуп бүттү. Ошондой эле жумушчуларды эс алдыруу үчүн Ыссык-Көл аймагынан пансионат сатып алуу жумуштары жүрүп жатканын белгилеп өттү.
Н. Нишанов жыйындын жүрүшүндө жумушчулардын суроолоруна жооп берип, тийиштүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди.
Подробнее

Нургазы Нишанов «Кыргызнефтегаз» ААКнун Башкармалыгынын төрагасы болуп кайрадан шайланды.

2023-жылдын 28-апрелинде «Кыргызнефтегаз» ААКнун Директорлор кеңешинин курамы тарабынан компаниянын Башкармалыгынын курамы шайланды.
«Кыргызнефтегаз» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов кайрадан шайланды.
Ошондой эле, Башкармалыктын мүчөлөрү шайланды, алар:
— Заирбек Ажикулов
— Нурлан Абылов
— Руслан Алтымышев
— Кубанычбек Сыдыков
Подробнее