Кымбаттуу биздин кичинекей достор! Ардактуу ата-энелер!
    Сиздерди «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун жана жеке өзүмдүн атымдан Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктайм!
Ар бир бала бактылуу балалыкка, татыктуу жашоого жана жаркын келечекке ээ болууга укуктуу. Андыктан, алардын өсүп-өнүгүшү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү биздин милдетибиз.
Балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө, мекенибиздин мыкты жараны кылып тарбиялоого күч-аракетин, билимин жана жашоосун арнаган ата-энелерге өзгөчө ыраазычылык билдиргибиз келет.
Урматтуу балдар,
    Бүгүнкү майрамыңар кут болсун! Жашооңордун ар бир күнү жомоктогудай бейпил жана шаттуу өтсүн. Жүзүңөрдөн күлкү эч качан өчпөсүн. Акылдуу, чынчыл, билимдүү жана мекенчил болууңарды тилейм.
Жараткан дайыма колдоп жүрсүн!
Сиздерди терең урматтоо менен;
НУРГАЗЫ НИШАНОВ
«Кыргызнефтегаз» ААКнун башкармалыгынын төрагасы.