Бүгүн Кочкор-Атада Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы жана Эгемендүүлүк майрамы белгиленди.
Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө “Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыгынын төрагасы Н. Нишанов шаардыктарды куттуктап өттү.
Ошондой эле эркин күрөш боюнча жаштар арасында дүйнө чемпионатында ийгилик жараткан эки балбанга жана анын машыктыруучуларына акчалай сыйлык тапшырды.
Балбан Рустамжан Кахаров алтын медаль ээси 575 000 сом
Балбан Марлен Абдыраимов Коло медаль ээси 355 000 сом
Машыктыруучусу Абдурашит Мамасабиров 405 000 сом
Машыктыруучусу Нургазы Абдуразаков 50 000 сом
Акчалай сыйлыктар тапшырылды.