“Урматтуу кыргыз милициясынын кызматкерлери жана ардагерлер! Кесиптик майрамыңыздар кут болсун.
“Урматтуу кыргыз милициясынын кызматкерлери жана ардагерлер!
Сиздерди кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен жана
кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Жарандардын бейпил жашоосу, өлкөнүн коопсуздугу, тынчтыгы, мыйзамдуулуктун өкүм сүрүшү үчүн кызматыңарды өтөп жатасыңар. Сиздер жогорку сый-урматка татыктуусуңар. Сиздер күнүмдүк ишмердүүлүгүңүздөрдө мыйзамдуулукту сактап, жарандардын укуктарын коргоодосуздар. Өлкөдө орун алган социалдык-экономикалык, саясий шарттарда жоопкерчилик мындан дагы көбөйүүдө. Ошондуктан милицияда өз кесибин сүйүп, ага жоопкерчилик жана абийир менен мамиле кылып, курч маселелерди тиешелүү деңгээлде жана өз убагында чечкен кесипкөйлөр иштөөдө. Ошондой эле майтарылбас күч кубат, жакындары менен аманчылыкта болуп, жалпы журт кызыкчылыгына багытталган түйшүктүү кызматта ийгиликтер көп болушун каалайм.
Майрамыңыздар кут болсун!
Сиздерди терен урматтоо менен,
Нургазы Нишанов
«Кыргызнефтегаз» ААКнун башкармалыгынын төрагасы