“Кыргызнефтегаз” ААКнун башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов акционердик коомдун карамагында турган баардык мекемелердеги эмгек жамааттары менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Н. Нишанов 2025-жылдын 1-кварталынын өндүрүштүк- экономикалык көрсөткүчтөргө токтолуп өттү.
«Кыргызнефтегаз» ишканасы 2025-жылдын 1-кварталында мунай өндүрүү иш жүзүндө 40 482 тоннага аткарылганын. План 100,5%га аткарылганын белгилеп өттү.
Жаратылыш газын өңдүрүүдө компания 1-кварталда 9 млн 581 миң м3 өндүргөн. Бул багытта пландын аткарылышы 129 %ды түзүүдө.
2025-жылдын жүз күн аралыгында 642,7 млн сом таза киреше тапканын айтты.
Н.Нишанов “Зорька” балдардын эс алуу борбору жана Чолпон-Ата шаарындагы “Нефтчи” эс алуу зонасы боюнча токтолуп, быйылда өз учурунда иштеп баштаарын айтып өттү.
Ошондой эле Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүүчү заводду жаңылоо багыты боюнча курулуш жумуштары кызуу жүрүп жатканын билдирди.
Н. Нишанов жыйындын жүрүшүндө жумушчулардын суроолоруна жооп берип, тийиштүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди.