Умарали Анарбаевди салтанатуу түрдө ардактуу эс алууга узатуу иш-чарасы болуп өттү.
Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, ооруктун каармандары!
Кочкор-Ата шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквием өткөрүлдү.
«Кыргызнефтегаз» ААКнын жумушчулары жана техникалары сел жүргөн аймактарда иштөөдө.
Кочкор-Ата шаарында “Кыргызнефтегаз” ААКнун жалпы акционерлеринин жылдык жыйыны болуп өттү.
Акционерлердин жалпы жыйынына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Алгач Нургазы Нишанов сөз сүйлөп, 2021-жылда аткарылган жумуштарга токтолду.
Акционерлердин жалпы жыйынында 18 масселе каралды. Башкармалыктык финансылык жана чарбалык отчету жана таза кирешени бөлүштүрүү, 2022-жылга бюджетти бекитүү жана башка бир катар масселелер каралды. Учурда “Кыргызнефтегаз” Өлкөдөгү эң көп киреше тапкан, өлкө бюджетине чоң суммадагы салым кошкон ишканалардын алдыңкы сабына чыкты.
«Кыргызнефтегаз» ААКму, жумушчулардын жана Кочокор-Ата шаарынын социалдык маселелерин чечүүнү өз каражатынын эсебинен аткарып келет. Былтыркы жылы жалпысынан социалдык объектерге 53,1 млн.сом каражат жумшалган. Мындан сырткары, 2021-жылы шаарды суу менен камсыздоого коротулган чыгым 42 млн.сом болду. Бул сумманын бир бөлүгүн Кочокор-Ата шаарынын жашоочулары, бир бөлүгүн ишкана өз капчыгынан камсыздаган.
«Кыргызнефтегаз» ААКнын 2021-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен 330 млн. сомдон ашык таза киреше тапкан болсо, 2022-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен алдын ала эсептөөлөр боюнча 860 млн. сом таза киреше табууда. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын 1-кварталына салыштырмалуу 530 млн.сомго көп. Ошондой эле двидентке чекерүүлөрдүн суммасы өсүүдө.
«Кыргызнефтегаз» ААКнын кирешеси көбөйгөндүгү жана азыктүүлүк баалары кескин жогорулап кеткендигине байланыштуу жумушчулардын эмгек акысы көтөрүлүүдө. Апрель айынан тартып кызматкерлер 20%га жогорулатылган маянаны алып башташат. Жогорудагы жасалган ийгиликтүү жумуштар 100 күндө аткарылгын иштер. Эгерде ушул ыргакта жумушту улантса, алдыда ишкана таза кирешесин жогорулатып,өз күчү менен КПК нефтини кайра иштетүүчү заводду модернизациялоо пландалууда.
«Кыргызнефтегаз» ААКнын башкармалыгы тарабынан 100 күндө аткарылган иштер.
“Кыргызнефтегаз” акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нышанов:
“Жумушчулардын айлык акысы 20%га көтөрүлдү”
“Кыргызнефтегаз” акционердик коому акыркы жылдарда мунай өндүрүүнүн көлөмүн арттырып, белгиленген пландарды ашыгы менен аткарууга жетишип келе жатат. Ошондой эле ишкананын эмгек жамааты биринчи кварталды ийгиликтүү аяктап, быйылкы жылга коюлган ири максаттардын өтөсүнөн чыгууга болгон аракетин жумшап келишүүдө. Компаниянын башчысы Нургазы Нышанов менен болгон маегибизге назар салыңыздар.
— Өткөн жылы жалпы жонунан 173 миң тонна мунай өндүрдүк. Көп жылдан бери мындай көрсөткүч болгон эмес. – деп сөзүн баштады Нургазы Нурланович. — Быйылкы жылга жылына 200 миң тоннадан ашык мунай өндүрүү планын койгонбуз. 2021-жылдын 1-кварталында 330 млн. сом таза киреше тапкан болсок, быйылкы жылдын ушул мезгилинде 860 млн. сом киреше менен чыктык. Башкача айтканда, 530 млн. сом көп каражат таптык.
1-кварталдын жыйынтыгын жакшы көрсөткүчтөр менен аяктасак жумушчулардын айлык-маяналарды 15%га көтөрөлү деп убада бергенбиз. Жакында Жогорку Кеңешке, Министрлер кабинетине, Мамлекеттик мүлк фондуна отчет берип келдим. Биздин жетишкендиктерибизди уккандан кийин, айлык акыны 20%га көтөрүүгө уруксат беришти. Бирок, бул дагы чек эмес. Буйруса жылдын аягына чейин жок дегенде айлык акыны дагы 20%га чейин көтөрүүгө аракет кылабыз.
— Акыркы жылдарда санкциялардын кесепетинен дүйнөдөº финансылык кризис күч алды. Бул көрүнүш өндүрүшкө терс таасирин тийгизбейби?
— Өзүңүз туура баамдагандай, дүйнөдө экономикалык кризис болуп жатат. Пандемиялык кырдаал өзубүзгө-өзүбүз кам көрүүгө чоң сабак болду. Чек араларыбыз жабылып, оор абалга туш келген күндөрдү башыбыздан өткөрдүк. Мына ушундай чакырыктарга даяр туруп, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга кам көрүшүбүз керек. Мамлекеттин мунайды жылдык керектөсү 1 млн. 300 миң тонна. Ушул көрсөткүчтүн 40%ын ºөндүрүп бере турган болсок, мамлекетибизге чоң жардам берген болобуз. Жакынкы 3-4 жылдын аралыгында мунай ºөндүрүүнү жылына 500 миң тоннага жеткиришибиз керек.
— Компания дивиденд төлөйбү?..
— Буга чейин Мамлекеттик мүлк фондуна 213 млн. сом дивиденд төлөп берген экенбиз. Мыйзам боюнча таза кирешенин 25% кем эмес бөлүгү дивиденд катары мамлекеттик бюджетке төлөнүп берилиши керек. Быйылкы жылы тапкан кирешебиздин көпчүлүк бөлүгүн дивиденд катары алуунун үстүндө иштеп жатышкан экен, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, таза кирешебиздин 30%на макулдашып, мамлекеттин бюджетине 650 млн. сом дивиденд катары төлөп беребиз. Калган 1,5 млрд. сомду өзүбүздүн ºөңдүрүш тармагыбызды модернизациялоого жумшайлы деп чечтик. Жылдын аягына чейин дагы амбициялуу пландарыбыз бар. Буйруса, төрт млрд. сом таза киреше табуунун үстүндө иштеп жатабыз.
— “Кыргызнефтегаз” ишканасы “Газпром” компаниясына кошулат экен” деген сөздөр жүрүп келди эле…
— Ишкананын биригүү маселеси күн тартибинен алынды. Президентибиз Садыр Жапаров биздин компанияны эч кимге бербей иштетүү боюнча ºөзүнүн так позициясын билдирди. Азыркы күндүº он бир эле лицензиябыз бар. Буйруса “Кыргызнефтегаз” акционердик коомун акырындык менен монополист компанияга айландыралы деген максатта иштеп жатабыз. Геология жана жер казынасын пайдалануу жаңы мыйзамына ылайык, 100% мамлекеттик үлүшкө ээ болгон компаниялар эч кандай конкурс, аукциону жок эле кең байлыктарды иштете алышат. Биздин ишканабыз ушул мыйзамга кирбей калганбыз. Себеби дегенде, биздин компаниянын 85% үлүшүн мамлекет ээлик кылат. Ошол мыйзамга ºөзгөртүү киргизүү боюнча сунушубузду бердик. Сунушубузду Жогорку Кеңештин отун энергетика комитети, Министрлер кабинети колдоп жатат. Эгерде мыйзамда каралган шарттар боюнча иштөөгө мүмкүнчүлүк ала турган болсок, анда мунай өндүрүшүн көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзүлөт.
Нооруз майрамына карата спорттук мелдеш өтүүдө
Нооруз майрамына карата «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомуна караштуу мекеме ишканалар арасында футбол, волейбол, стол тенниси жана шахмат боюнча спорттук мелдештер өткөрүлүүдө.
«Кыргызнефтегаз» ААКнун профсоюз комитети спорт иштерин өркүндөтүүгө олуттуу көнүл буруу менен нефтчилердин бош убактысын маданий тейлөө жана ден-соолукту чындоо максатында бир топ иштерди жүргүзүп келүүдө.
“Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов: “Башкы максатыбыз – сапаттуу продукция өндүрүү”
Өндүрүш
Кыргызстанда мунай жана газ өндүрүшүнүн башаты тээ 1950-жылдардан башталыптыр 1952-жылы «Майлуу Суу IV”, “Избаскент”, Чыгыш Избаскент” мунай кендери ачылгандан кийин “Кыргызнефтегаз” ишканасынын негизделип, бүгүнкү күндө аталган компания өлкөбүздө мунай жана жаратылыш газына чалгындоо иштерин жүргүзүү, мунайды кайра иштетүү жана аларды сатуу боюнча бүтүндөй бир толук өндүрүштүк циклди өзүнө камтып, өнүгүүнү жаңы доорун башына кечирип жатат. Кыргызстандагы жападан жалгыз эң ири ишкана болуп эсептелген “Кыргызнефтегаз” акционердик коомунун бакшармалыгыны төрагасы Нургазы Нышанов менен болгон маегибизде өткөн жылдарда жасалган ийгиликтер жана келечек пландары тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.
Киреше үч эсеге өстү
— 2021-жыл “Кыргызнефтегаз” акционердик коому үчүн ийгиликтүү жыл болду. Жылдын башында коюлган пландар ашыгы менен аткарылып, техникалык, экономикалык көрсөткүчтөр мурунку жылдарга салыштырмалуу бир кыйла жогорулады. Ишкана жылдын жыйынтыгы боюнча 173 578 тонна мунай өндүрүп, алган милдеттенмени 121,1%га аткарып, чийки мунай планга карата 30 278 тоннага көп алынды. Өткөн жылга салыштырмалуу 26 896 тоннага ашыкча мунай өндүрүлдү.
2021-жылдын жыйынтыгы менен “Кыргызнефтегаз” ишканасы 2 млрд. 157 млн. сом баланстык киреше табууга жетишти. Башкача айтканда, киреше үч эсеге өстү. Мындай көрсөткүч ишкананын тарыхында биринчи ирет болуп жатат. Андан башка чыгымдарды оптимизациялоо, коррупциялык элементтерди жоюуга каршы күрөшүү ишкананын кирешесине оң таасирин тийгизгенин баса белгилегим келет. Маселен, 2020-жылы баланстык киреше 546 млн. сом болсо, 2021-жылы 2 млрд. 157 млн. сомду түздү. Ошондой эле ишкана 2021-жылдын жыйынтыгында салык боюнча бюджетке 1 млрд. сомдон ашык төлөмдөрдү чегерип берди. Бул багытта план 116%га аткарылды. Анан дагы компания бюджетке 214 млн. сом дивиденд төлөдү.
“Кыргызнефтегаз” ишканасы Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Кочкор-Ата шаарын жана Ноокен районунун айрым айыл аймактарын “көгүлтүр от” менен үзгүлтүксүз камсыз кылып келет. Өткөн жылы ишкана шаарда жалпы жонунан 291 абонент газ түтүгүнө кошулду.
Газ менен туруктуу камсыз кылууга жетишебиз
-“Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун балансында 11 мунай жана жаратылыш газ кендери бар. Учурда компаниянын карамагында 605 скважина иштеп жатат. Мунун ичинен 24 скважина орнотулуп 2021-жылы жаны ишке берилген. Ошондой эле скважиналарды оңдоо, мунай өндүрүүнү идентификациялоо ыкмаларын колдонуу менен, “Майлуу Суу IV” аталышындагы кен аймагынын 1038-жаңы скважинасы ишке берилди. Учурда бир күндө 23 000 м³ газ чыгып жатат. Газдын чыкканына бир жума болду. Жалпы жонунан компаниянын 12 газ скважинасы бар. Бүгүнкү күндө жаңы газ скважинасын ишке киргизүү менен алдыбызга койгон планыбызды 115%га аткардык. Буйруса, 2022-жылдын күз-кыш айларында элибизди туруктуу газ менен камсыз кылууга жетишебиз деген ишенимде турабыз.
Ошондой эле ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча максаттуу иштер жүрүп жатат. Автопаркты жаңылоо улантылууда. Экономикалык көрсөткүчтөр жогору болгондуктан, өткөн жылга жалпы 40 даана атайын техника сатып алуу каралып, учурда 30 техника сатып алынган. 2022-жылы 40 техниканы жана башка тетиктерди сатып алуу үчүн бюджеттен атайын акча каражаты каралды. Буйруса, техникаларды өз убагында сатып алууга мүмкүнчүлүгүбүз жетиштүү.
200 миң тоннанын тегерегинде мунай өндүрүүнү болжолдонууда
-Жакында акционердик коомдун жылдык иш-планын бекитип алдык. 2022-жылга койгон планыбыз боюнча 200 миң тоннанын тегерегинде мунай өндүрүүнү болжолдоп жатабыз. Кирешебизди 3,5 млрд сомго жеткирүүгө болгон аракетибизди жумшайбыз. Азыркы күндө ишибиз өз графигинде жүрүп жатат.
Андан башка “Чыгыш Шамалды”, “Түндүк Избаскент” жана “Алаш” кендерин иштетүүгө лицензия алынды. Ошондой эле “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасын модернизациялоо пландалууда. “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомуна караштуу мунайды кайра иштетүүчү бул ишкана 2020-жылды 47 млн. сом чыгаша менен жыйынтыктаган. 2021-жылы 200 млн. сомдун тегерегинде киреше табууга жетишти.
Ишканада АИ-80 маркасындагы бензин, дизель жана мазут чыгарылат. “Кыргызнефтегаз” ишканасы тарабынан өндүрүлгөн чийки зат ушул ишканага жөнөтүлүп, кайра иштетилип чыгат. Өндүрүлгөн бензин менен дизелди Кыргызстандын ички базарында сатышат. Анткени, нефтепродуктыларын башка өлкөлөргө экспорттоого Министрлер кабинети тарабынан убактылуу чектөө коюлган. Ал эми өлкөдө мазутка болгон керектөөчүлөр аз болгондуктан, аталган продукцияны экспортко чыгарууга мыйзам жол берет.
Заводубузду реконструкциялоого техникалык-экономикалык негиздемелери даярдалып жатат. Ишкананы заманбап жабдуулар менен камсыз кыла турган болсок. Биринчиден, биздин өндүргөн продукцияларыбыз сапаты жогорулайт, экинчиден, бензин менен дизелди өндүрүүнүн көлөмү өсөт. Заводубуз эски технологиялар менен иштегендиктен, кайра иштетиле турган нефтепродукциянын дээрлик 55%ы мазут болуп калууда. Евразиялык экономикалык биримдиктин талаптарына ылайык, Министрлер кабинети тарабынан 2025-жылга чейин бензиндин Евро-5 маркасына өтүү милдеттендирилген. Биздин башкы максатыбыз — сапаттуу продукция өндүрүү. Азыр ошонун үстүндө иштеп жатабыз.
Жумушчуларга шарт түзүү — башкы маселе
— Башкармалыктын эң башкы милдеттеринин бири жумушчуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп эсептелет. Жакында эде жумушчулар менен жолугушуп, 2022-жылга карата газды өндүрүүнүн көлүмүн көбөйтүү боюнча иш-пландары менен кеңири тааныштырып, өндүрүштү керектүү техникалар менен камсыздоо, жаңы тетиктерди алуу, айлык-маяналарды жогорулатуу, жумушчуларга түзүлгөн шарттарды жакшыртуу багытындагы маселелер биринчи кезекте чечилерин айтып бердим. Ошондой эле жумушчуларды шарт түзүү менен бирге иштин өндүрүмдүүлүгүн арттырууга талап күчтүү болорун билдирдим.
Эгерде биринчи кварталга белгиленген көрсөткүчтөрүбүздүн өтөсүнөн чыксак, жумушчулардын айлык-маянасын 15%га көтөрүү каралууда.
Ошондой эле профсоюздук уюму тарабынан эмгек жамаатынын ден соолугун чыңдоо, аларды эс алдыруу максатында, өлкөбүздөгү бир топ курорт-санаторийлер менен келишим түзүлүп, кам көрүлүп турат. Учурда 3 бала бакча иштеп жатат.
Андан башка “Кыргызнефтегаз” акционердик коомдун Кочкор-Ата шаарындагы социалдык-экономикалык маселелерди чечүүдө каржылык жактан колдоодо негизги күч экенин айта кетейин. Биздин компания шаардын калкын таза суу, газ менен камсыздайт. Ошондой эле негизги көчөлөрдү, скверлер менен парктарды, маданий жана башка коомдук объектилердин абалын көзөмөлдөп, жаңылап жакшыртып турат. Шаардыктар үчүн ыңгайлуу жашоого, эс алууга, спорт менен машыгууга шарт түзүп келет.
Бүгүнкү күндө пандемиялык кырдаалга байланыштуу дүйнөдө финансылык кыйынычылыктар жаралууда. Ошондой болсо да биздин ишканабыз Президентибиз, Министрлер кабинети койгон тапшырмаларды өз убагында аткарууга болгон мүмкүнчүлүгүбүздү пайдалана бермекчибиз.
Албетте, жумушчулардын талыкпаган эмгеги, жетекчиликтин ишти туура уюштуруусунун натыйжасында жогорудагы ийгиликтер жаралууда.