Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айыл аймагында   жайгашкан “Кыргызнефтегаз” ААКнун  “Зорька” эс алуу жайына  150 орундуу  6  жаны коттедж пайдаланууга берилди.

Эске салсак, өткөн жылы дагы 10 жаны коттедж курулган болчу. Учурда жалпысы болуп, 16 коттедж курулуп, бир агымда 450 бала эс алууда.

Андагы жайдын абалы менен  КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, «Кыргызнефтегаз» ААКнун башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов жана аталган мекеменин директорлор кенешинин төрагасы Тынарбек Мисиралиев таанышып чыгышты.

Биринчи агымда эс алып жаткан балдардын майрамдык салтанатында «Кыргызнефтегаз» ААКнун жетекчиси Нургазы Нишанов балдар үчүн ар дайым камкордук болоорун белгилеп, келечегибиздин кепилдиги болгон балдарыбыздын ар бир күнүн майрам кубанычы менен өтүшүн каалап өттү.

Облус башчысы өлкөдөгү ири өндүрүштүк мекеме болгон “Кыргызнефтегаз” ишканасы өзүнүн экономикалык киреше бөлүгүн арттыруу менен гана чектелбей, аймактагы социалдык турмушта да өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келе жатканын белгиледи.

“Зорька” эс алуу жайы негизинен «Кыргызнефтегаз» ишканасында эмгектенген кызматкерлердин балдарын жайкы эс алуусун уюштурууга багытталган. Бул жылы анда жалпы беш агымды кабыл алуу пландаштырылып жатат.