“Кыргызнефтегаз” ААКнын жумушчуларынын балдары Борбор Азиядагы Америка Университетине кабыл алынса, мекеме толугу менен студентиң окуу төлөмдөрүн окууну аяктаганга чейин төлөп берет. Мындай билдирүүнү “Кыргызнефтегаз” ААКнын төрагасы Мелис Тургунбаев мекеменин жыйынында билдирди. Жылына бирден студенти (АУЦА) Борбор Азиядагы Америка Университетине билим алуусуна финансылык колдоо көргөзүлөт. Ошол студент окуп, аяктап келгенден кийин, “Кыргызнефтегаз” ишканасынан жоопту жана эмгек маянасы жакшы кызмат орундары менен да камсыз болот. Студент алган билимин, тажрыйбасын, кесипкөйлүк аракетин “Кыргызнефтегазда” көргөзүүгө шарт жаралат.
Мындай жөрөлгө “Кыргызнефтегаз” ААКнын төрагасы М. Тургунбаевдин жеке демилгеси менен уюштурулуп жатат. Буга чейин мындай мукунчулук муңайчыларга түзүлгөн эмес.
Мекемеге билимдуу, кесипкөй адистерди даярдоо жана Кочкор-Аталык жаштарды колдоо ошондой эле жумушчуларга (стимул) түрткү берүү максатында уюштурулуп жатканы белгиленди.